Ташиев "бүгүнкү күндө эң арзан өсүмдүк майы бизде" дейт
"Бүгүнкү күндө эң арзан өсүмдүк майы бизде". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу биздин жасаган аракеттердин негизинде толук бойдон сакталган. Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү товарлар, азык-түлүк негизинен ылдыйкы баада кармалып турат. Бүгүнкү күндө эң арзан өсүмдүк майы бизде. Коңшу мамлекеттерде күнүмдүк керектелүүчү товарлар, азык-түлүк бизге караганда бир нече эсеге кымбат", - деди Ташиев.
УКМКнын төрагасынын айтымында, өсүмдүк майы литри 123 сомдон, кумшекердин килограммы 48 сомдон алып келинип, өлкөдөгү бардык кампалар камсыз болгон.