Ташиев: "Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди"
"Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди". Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"Эми бирөө келип, "менин жолум" деп тосуп ала албайт. Ушу менен чечилди. Төрт-Көчө боюнча айтарга сөз көп. Кийин айтам. Буга чейинки биздин чиновниктердин, мамлекеттик чоң жетекчилердин жасаган иштери чыккынчылык болгонун мен дагы бир жолу айта кетейин. Мен муну силерге жакшылап түшүндүрөм", - деди ал.