SerepTV Logo

Ташиев: "1-апрелден тартып айлык көтөрүлөт дегендин аскер кызматкерлерине тиешеси жок"

Ташиев: "1-апрелден тартып айлык көтөрүлөт дегендин аскер кызматкерлерине тиешеси жок"
Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин Антикризистик планды иштеп чыгуу боюнча жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрелден тартып аскер кызматкерлеринин жанан укук коргоо кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй турганын айтты. "Өлкөдө он миңдеген аскер кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери бар. Алар күтүп жатышкан болчу. Айлыгы 1-апрелден тартып көтөрүлбөй турганы боюнча ачыгын айтуу керек. Биз алардын маянасын жогорулатууну 1-августтан тартып пландап жатабыз", - деди Ташиев. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалим, врач, маданият ишмерлеринен турган 309 миң адамдын айлыгы 1-апрелден тартып көтөрүлө турганын айтты.