SerepTV Logo

Тартип комиссиясы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

Тартип комиссиясы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди
Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Мындай чечим бүгүн, 4-мартта кабыл алынды. Отурумга Калиева өзү жана адвокаты катышкан жок. Өкүлдөрү анын ооруп жаткандыгын айтып, маалымдама алып келишкен. Мындан тышкары комиссия президенттин кароосуна Гүлбара Калиеваны Жогорку Соттун төрайымы кызматынан четтетүү жөнүндө сунуш киргизүүнү чечти. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку Сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жарыялаган. Ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер тийиштүү кызматтар макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан эле.
edita