Тамчыга кумаркана куруу долбооруна ким кандай добуш берди? Тизме
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-апрелде Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Жыйынга катышкан 91 депутаттын 68и мыйзам долбоорун колдоп добуш берди, 23 эл өкүлү каршы болду.