Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тийиштүү документтерди берүү аяктады. 21 партия тизмелерин көрсөттү
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады. Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер.
Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат, бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:
|
№ |
Саясий партиялардын аталышы | Көрсөтүлгөн талапкер-н саны | эркек | аял | МЧА саны | алдыӊкы 25тегилердин саны | 35 жаштан улуу эмес-н саны | Алдыӊкы 25тегилердин саны | Башка улуттардын саны | Алдыӊкы 25тегилердин саны |
| Бардыгы болуп талапкерлердин тизмесин көрсөттү: 21 с/п | 1046 | 669 (64%) | 377 (36%) | 46 (4,39) | 23 | 267 (25,52%) | 126 | 189 (18%) | 84 | |
|
1 |
Бүтүн Кыргызстан | 54 | 34 (63%) | 20 (37%) | 2 | 1 | 14 (26%) | 4 | 10 (19%) | 3 |
|
2 |
“Ата Мекен” социалисттик партиясы | 54 | 36 (67%) | 18 (33%) | 2 | 1 | 14 (26%) | 6 | 9 (17%) | 3 |
|
3 |
Ишеним | 54 | 38 (70%) | 16 (30%) | 2 | 1 | 9 (17%) | 6 | 8 (15%) | 3 |
|
4 |
Ынтымак | 54 | 38 (70%) | 16 (30%) | 2 | 1 | (10 (19%) | 7 | 8 (15%) | 3 |
|
5 |
Улуттар Биримдиги | 54 | 38 (70%) | 16 (30%) | 3 | 1 | 9 (17%) | 5 | 9 (17%) | 5 |
|
6 |
Ата-Журт Кыргызстан | 54 | 37 (69%) | 17 (30%) | 2 | 1 | 10 (19%) | 3 | 10 (17%) | 5 |
|
7 |
Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн “Ыйман Нуру” | 54 | 36 (67%) | 18 (33%) | 2 | 1 | 18 (33%) | 10 | 10 (19%) | 4 |
|
8 |
“АЛЬЯНС” | 54 | 36 (67%) | 18 (33%) | 2 | 1 | 14 (26%) | 5 | 9 (17%) | 3 |
|
9 |
" Надежда Народа/Эл Үмүтү социалдык-саясий партиясы" | 54 | 37 (69%) | 17 (31%) | 2 | 1 | 36 (67%) | 17 | 9 (17%) | 3 |
|
10 |
"Азаттык" демократиялык партиясы" | 54 | 37 (69%) | 17 (31%) | 2 | 1 | 11 (20%) | 3 | 9 (17%) | 3 |
|
11 |
“Улуу-Журт” | 54 | 38 (70%) | 16 (30%) | 3 | 1 | 8 (15%) | 5 | 9 (17%) | 3 |
|
12 |
“Мекенчил Эл” | 54 | 36 (67%) | 18 (33%) | 2 | 2 | 12 (22%) | 4 | 8 (15%) | 3 |
|
13 |
“Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы” | 54 | 36 (67%) | 18 (33%) | 2 | 1 | 13 (24%) | 4 | 14 (26%) | 7 |
|
14 |
"Социал-демократтар" | 54 | 37 (69%) | 17 (31%) | 2 | 1 | 11 (20%) | 4 | 9 (17%) | 3 |
|
15 |
"Аруузат – элдик дөөлөттөр партиясы" | 54 | 18 (33%) | 36 (67%) | 3 | 2 | 8 (15%) | 4 | 9 (17%) | 4 |
|
16 |
“ОРДО” | 54 | 38 (70%) | 16 (30%) | 2 | 1 | 19 (35%) | 4 | 10 (19%) | 3 |
|
17 |
"Багыт" Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы" | 45 | 23 (51%) | 22 (49%) | 2 | 1 | 10 (22%) | 5 | 8 (18%) | 4 |
|
18 |
" Кыргызстандын Жашылдар партиясы" | 54 | 27 (50%) | 27 (50%) | 4 | 1 | 11 (20%) | 4 | 11 (20%) | 7 |
|
19 |
“Легалайз” | 27 | 19 (70%) | 8 (30%) | 3 | 1 | 14 (52%) | 12 | 8 (30%) | 6 |
|
20 |
“Кучтуу регион” | 30 | 18 (60%) | 12 (40%) | 1 | 1 | 10 (33%) | 9 | 5(17%) | 4 |
|
21 |
Жашасын Кыргызстан | 26 | 12 (46%) | 14 (53,8%) | 1 | 1 | 6 (23%) | 5 | 7 (26,9%) | 5 |
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.