Талант Мамытов чек арадагы атышуу боюнча: "Президент жыйын өткөргөн соң, чечим кабыл алынат"
Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин алдындагы митингге чыккандардын алдына депутаттар чыгышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чогулгандардын алдына чыгып, маалымат берерин айтты. "Парламент өз ишин кылып жатат. Өкмөттөн маалымат алып, карап чыкты. Биздин укугубуздагы ишти аткарып берүүгө даярбыз. Өкмөт өз ишин алып барууда. Эмне жардам бере алабыз, ошону карап чыктык. Кошумча штаб түздүк. Ош шаарында да штаб түзмөй бодук. Саат 17:00дө жыйын өтөт. Президент жыйынга чакырып атат, анан чечим кабыл алынат", - деди Талант Мамытов.