Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
Бүгүн, 12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта президенттер кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюп, биргелешкен билдирүү жасайт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="277551,277550,277549,277548,277547,277546"]