SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен жолугуп келди. Жолугушууда эмнелер айтылды?

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен жолугуп келди. Жолугушууда эмнелер айтылды?
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдөн келди. Бул тууралуу "Кактус медиа" жазып чыкты. Сүйлөшүүгө Ташиев менен Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Субаналиев, УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев барган. "Биз нейтралдуу Кызыл-Белде жолуктук. Тажик тараптан УКМКнын башчысы, Согди облусунун губернатору, Чек ара кызматынын башчылары келди. Бүгүн аскерлерди мамлекеттик чек арадан алыс алып кетүүнү чечтик. Биз Баткенге, алар өзүлөрү жакка. Жакынкы арада бул маселе чечилет. Демаркация жана делимитация жүргүзөбүз. Зым тартабыз. Тажикстан Ворухка коридор ачууну, электр энергиясын берүүнү суранды. Бирок биз бул маселени дагы сүйлөшөбүз дедик. Мен азыр бардыгын айта албайм. Пресс-релиз даярдайбыз. Жакынкы арада тажик чек арачылары Көк-Ташка жол ачышат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагынан тажиктер чыгып кетишет. Ал эми аскер кызматкерлери саат 16:00гө чейин аймактан чыгып кетиши керек. Ошону менен бирге бардык өрттөлгөн үйлөр калыбына келтирилет. Мамлекет тарабынан же тажик тараптан. Мен силерге сөз берем. Биздин 1 метр жерибизди да бербейм. Бирок демаркация жер алмашуу менен жүрөрүн эскертип коюшум керек", - деди Ташиев. https://www.youtube.com/watch?v=6ZM-kGOJqcQ
edita