Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Баш прокурор Курманкул Зулушев кол койгон буйруктун сүрөтү соцтармактарга тарады.
Анда "Сыймык Жапыкеев прокуратура органдарына кызматка кабыл алынсын жана Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалсын" деп жазылган.
Чечим бүгүн, 30-мартта чыккан.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Сереп Медиага бул маалыматты ырасташты.
Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин Финансы полициясынын төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын 5-мартында өкмөт Финполду "өз милдеттерин аткарбай жазалоочу органга айланып калды" деген кине менен жоюп таштаган.
Кийин президенттин буйругу менен Сыймык Жапыкеевге "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы ыйгарылган.