Сыймык Жапыкеев прокурорлук кызматтан кетти
Жакында эле Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалган, Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан кетти. Бул маалыматты өзү журналисттерге тастыктады.
Анын кызматтан кетишине өзүнүн жазган арызы негиз болгон. Мындай кадамга барганынын себебин ал мындайча түшүндүргөн.
"Кызматтан бүгүн кетүүнү туура көрдүм. Мен президентти сындабашым керек эле. Бирок сындадым. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы", - деди ал.