SerepTV Logo

Сыймык Жапыкеев: "Өз оюмду билдирүүгө укуктуу эмесмин, Финполдун жамааты менен коштоштум"

Сыймык Жапыкеев: "Өз оюмду билдирүүгө укуктуу эмесмин, Финполдун жамааты менен коштоштум"
Бүгүн, 11-мартта мындан бир нече күн мурун жоюлуп кеткен Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Анда ал өзү жетектеген мекеменин жамааты менен коштошконун жана төрагалык кызматта таза, так иштегенге аракет кылганын айткан. “Урматтуу достор кечээ күнү Финполдун жамааты менен коштошуп, узатыштык. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып өткөрүп бергенче 4-5 күн убакыт кетти. Финполдун жамаатына ыразымын. Финполдун төрагасы катары элиме, жериме жана өлкө үчүн таза, так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда мамлекеттин 800 миллион сомун  кайтардык жана дагы башка көптөгөн иштер жасалды. Баары оңой эмес экен”,- деп айтты ал. Ошондой эле Жапыкеев өз билдирүүсүндө ооруп жүргөнүн да жазды. “Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп, ооруп жүргөм, кан диабетимда көтөрүлүп кетиптир. Учурда дарыгерлер карап жатышат, үйдө жатам. Ден-соолук болбосо эч нерсе кереги жок экен”. Билдирүүсүнүн соңунда Сыймык Жапыкеев анын дарегине айтылган сындарга мамлекеттик кызматкер катары үн ката албай жүргөнүн кошумчалады. “Достор акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү; "Жок эмне чыкпайт", Эмнеге митингдерде көрүнбөйт",- деп мени издегендер көп болду. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып, өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем”,- деп билдирди ал. Белгилей кетсек, 5-мартта Жапыкеев жетектеген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын (Финпол) өкмөт жоюу жөнүндө чечим кабыл алып, тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Мындай чечимди өкмөт Финансы полициясы өзүн актабай калгандыгы менен ошондой эле мекеменин иши натыйжа бербей жаткандыгы менен түшүндүргөн болчу. Бирок Жапыкеев бүгүнкү билдирүүсүндө ага карата өкмөттүн сынын төгүндөгөн жок.
Unknown Author