SerepTV Logo

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиев боюнча соттун чечимине нааразы

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиев боюнча соттун чечимине нааразы
Жумалиев 100 миллион сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө мамлекеттик казынага төгөм дегенинен “бул аз” деп болбой койсок, Биринчи Май райондук соту чыгарып салды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев казынага бир да тыйын төлөбөй балдарын камактан чыгарып алган. 29-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жумалиевге жана анын туугандарына карата кылмыш ишин козгогон болчу. Ал эми Биринчи май райондук сотунун 31-январдагы чечими менен Э.Б.Жумалиев үй камагына чыгарылган. Ал 29-мартка чейин үй камагында болот. Ошондой эле С.М.Мырзабеков да 29-мартка чейин үй камагына чыкты.
edita