SerepTV Logo

"Суусу жок жашоону көрсүн, маселени чечпесе келишпесин". Депутат аткаминерлерди Ошко жөнөтүү керектигин айтты

"Суусу жок жашоону көрсүн, маселени чечпесе келишпесин". Депутат аткаминерлерди Ошко жөнөтүү керектигин айтты
"Ош шаарында 3 күн суу жок болду. Кыргызстандын экинчи борборунда 3 күн суу жок, тургундар жаандын суусун пайдаланып калды". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди. "Биз 21-кылымда жашайбызбы? Президенттин өкүлү жазып алыңыз, баары Ошко барып, ошол маселени чечсин. Чечмейин келбесин, суусу жок жашоону көрсүн. Протоколдук тапшырма бериңиз", - деди ал.