"Суракматовдун иштерин улантабыз". Гуля Алмамбетова Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышат
Борбор калаанын мурунку мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына өз талапкерлигин коёт. Бул тууралуу Алмамбетова SEREP MEDIA маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында ал шайлоого Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясынын атынан барат.
“Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп баруу чечимин кабыл алдым. Мен бул шайлоого Артур Медетбеков баштаган Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы менен катышайын деп турам. Биздин Бишкек шаардык штабдын жетекчиси экс-мэр Азиз Суракматов. Ошондой эле биздин тизмеде азыркы учурдагы шаардык кеңештин депутаттары Сайдахмат Исмаилов менен Кубанычбек Конгантиев бар. Аны менен катар мурунку вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Уланбек Азгалиев бар”, - деп билдирди ал.
Ошондой эле Алмамбетова атаган адамдардын командасынын максаты мурунку мэр Азиз Суракматов баштаган иштерди жаңы дем менен улантуу экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Былтыр апрелде мөөнөтү бүткөн 5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган болчу.