SerepTV Logo

Сурабалдиева октябрь окуяларында жабыркагандардын абалын сурады

Сурабалдиева октябрь окуяларында жабыркагандардын абалын сурады
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушту. Анда жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришти. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди. Вице-премьер билдиргендей, көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларды мындан ары иштеп чыгуу жана чечүү боюнча тапшырмалар берилет. «Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз», - деди Эльвира Сурабалдиева.
admin@supertv.kg