SerepTV Logo

Сот депутат Өмүрбек Бакировдун добушун жокко чыгарды

Сот депутат Өмүрбек Бакировдун добушун жокко чыгарды
Сот депутат Өмүрбек Бакировдун добушун жокко чыгарды. Эми ал мандатынан кол жууп калышы ыктымал. Бишкектин административдик соту Өмүрбек Бакиров жеңүүчү болгон Көк-Жар округунун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарды. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу токтом 2021-жылдын декабрь айында чыккан болчу. 2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировдун атаандашы болгон Равшан Рыспаев сотко шайлоодон утуп чыккан талапкерди мандатынан ажыратуу арызы менен кайрылган. Ошондон бери соттук териштирүүлөр жүрүп, 7-июнда сот жогорудагыдай чечим кабыл алды.