SerepTV Logo

Сот БШКнын Талант Мамытовду талапкер катары каттабай койгон чечимин мыйзамсыз деп тапты

Сот БШКнын Талант Мамытовду талапкер катары каттабай койгон чечимин мыйзамсыз деп тапты
Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынан талапкер болуп чыккан Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндөгү арызын канааттандырды. Мамытов «Ынтымак» партиясынан №7 тизмеде талапкер болуп көрсөтүлгөн. 24-октябрдагы жыйынында БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тарткан. БШКнын маалыматы боюнча, ал талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген учурдан тартып 5 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши керек болчу.