SerepTV Logo

Социалдык фонддун төрагасы: "Кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга көтөрүү сунушталат"

Социалдык фонддун төрагасы: "Кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга көтөрүү сунушталат"
"Кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга көтөрүү сунушталат". Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Пенсияга чыгууга жаш курагы көтөрүлбөйт. Каатчылыкка каршы пландын алкагында кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга, 4300 сомго чейин көтөрүү сунушталат", - деди Алиев. Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.