SerepTV Logo

"Ширшов ууру" деген Медер Алиев депутаттарды аны коргобоого чакырды

"Ширшов ууру" деген Медер Алиев депутаттарды аны коргобоого чакырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Медер Алиев кесиптештерин «Дастан» заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовду коргобоого чакырды.

"Ширшовдун аты аталып жатса, айрым депутаттар сөздү башка жакка бурбашыбыз керек. Ширшов ууру. Коомчулук сурап, талап кылып жатат. Депутат бул саясий фигура, бул жерде айтылбаганда кайсы жерде айтылат. Токтоткула, аны коргогонду", - деди Медер Алиев. 

Депутаттар Нурбек Сыдыгалиев менен Жанар Акаев Санарип өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты.