SerepTV Logo

Шакиев: "Чоку, таш, жар, асканын баарына ат койгонду токтотуш керек"

Шакиев: "Чоку, таш, жар, асканын баарына ат койгонду токтотуш керек"
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев тоо-таштарга ат ыйгаруу адатын сынга алды. "Кыргызстанда көрүнгөн чоку, таш, жар, асканын баарына ат койгонду токтотуш керек. Уят. Ат коюлбаган таш да калбады. Мыйзамдарды алып келгенде ойлонгулачы", - деди төрага. Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Таластагы деңиз деңгээлинен 4 457 метр бийиктиктеги чокулардын бирин Бакай-Ата деп атоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
edita