SerepTV Logo

Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөттү

Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөттү
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады. "Бүгүн, 26-январы күнү Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түштү. Мындан сырткары, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат", - деп жазылат билдирүүдө. 23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшыра турганын айткан.