SerepTV Logo

Шайлоодон четтетилген партиялар кайра дайындалган шайлоого катыша алабы?

Шайлоодон четтетилген партиялар кайра дайындалган шайлоого катыша алабы?
Учурдагы мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша алышпайт. Бул тууралуу кечээ, 19-майда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Бирок мындай чектөө саясий партияларга каралган эмес. «Аймактык шайлоо комиссиясы партиялар көрсөткөн талапкерлерди каттоодо аларды шайлоого катыштыруу же катыштырбоо тууралуу чечим кабыл алат», - деди Шайлдабекова. Кечээ, 19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты.
edita