SerepTV Logo

Шайлоодон бюджетке канча акча түштү?

Шайлоодон бюджетке канча акча түштү?
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерден бюджетке 147 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. 10-ноябрга карата 467 талапкер катталган, алардын ичинен 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. «Талапкерлердин жалпы саны 460 болду. Бул шайлоодо 300 миң сом өлчөмүндөгү күрөө түшүнүгү киргизилди. Натыйжада күрөөлөрдүн жалпы суммасы 147 миллион сомду түздү», — деп билдирди ал.
altinay