SerepTV Logo

Шайлоодо утулуп калган партия мүчөлөрү ачкачылык жарыялашты

Шайлоодо утулуп калган партия мүчөлөрү ачкачылык жарыялашты
Шайлоодо 7 пайыздык чекти өтө албай калган 8 партиянын мүчөлөрүнө Боршайкомдун алдына чатыр тигүүгө уруксат беришкен жок. Бишкек шаардык кеңешке кирбей калган партия өкүлдөрү каршылык иретинде ачкачылык жарыялашты. Алар шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен, ыплас өткөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо дайындоону талап кылып жатышат. Нааразычылык акцияларына чыккандардын айтымында, алар бүгүн саат 11:00дө Боршайкомдун алдына келип, ачкачылык жарыялашмак. Акция 3 күнгө пландалган. Бирок алардын тиккен чатырын милиция кызматкерлери күчкө салып, жулуп кетишти. «Биз бул жерде 3 күн туруп, бийликтен жооп күтөбүз. Бийлик канааттандыраарлык жооп бербесе, анда биз бул жакка жарандарды колдоп бергиле деп чакырууга муктаж болобуз. "Чатыр койгонго болбойт, силер тиешелүү мамлекеттик органга кабар беришиңер керек дешти. Биз Свердлов райондук администрациясына 14-апрелден тарта 16-апрелге чейин ачкачылык акциясын өткөрөбүз деп билдирүү жөнөткөнбүз. Биз ал чатырларды баары бир кайтарып алып, кайра тигебиз», - дейт Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев.  Белгилей кетсек, акцияга Кыргызстандар коммунисттеринин жана Кыргызстандын социалисттик партиясынын 2 мүчөсү гана келген. Калган партиялар кошулган эмес. 11-апрелде Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү. Анда Бишкекте шаардык кеңешке 6 партия өттү:  «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата Журт Кыргызстан»,  «Биздин эл» жана «Ынтымак».
Unknown Author