SerepTV Logo

Шайлообек Атазов: "Мамлекет "хайп" ойной турган велосипед эмес"

Шайлообек Атазов: "Мамлекет "хайп" ойной турган велосипед эмес"
Пенсия реформасы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес» деп айтканы сынга кабылды. Кийин ал бул сөзүн элдин көңүлүн бурдуруу максатында айтканын түшүндүрдү. SUPERTV «Учурда сөз болуп жаткан пенсия реформасын колдойсузбу же каршы болосузбу? Элдин көңүлүн бурдуруу максатында сиз эмне кылдыңыз эле?» деген суроо менен депутаттарга кайрылды. Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, мамлекет улгайган аталар, апаларды пенсия менен камсыз кылууга милдеттүү. "Мен Байсаловдун айткан сөзүнө кошулбайм. Мамлекет колдоп, аздектеп, каржылашы керек. Хайп үчүн бир нерсе кылыштын кереги жок. Жасалманын убактысы кыска. Мамлекет "хайп" ойной турган велосипед эмес. Минип көрүп, жыгылып түшүп кете бергендей. Мамлекет элдин тагдыры", - деди ал. https://youtu.be/j3WdLNT9Cn8