Шайлообек Атазов: "Мамлекет дайым спортту өгөйлөйт"
Азыр спортту маданиятка кошпойт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бидирди.
"Кыргызстандын туусу эки учурда көтөрүлөт. Аны баарыңар билесиңер. Биринчиси, мамлекеттин президенти чет өлкөгө иш сапар менен барганда. Экинчиси, биздин улуттук кураманын спортчулары эл аралык мелдештерде байгелүү орун алганда. Олимпиадалык оюндарга аз калды. Бирок ошол олимпиадага бара турчу кураманын абалы оор. Көпчүлүк сборлорун карызга өткөрүп жатышат. Ушул маселелерди чечиш керек. Азыр спортту маданиятка кошпойт. Маданияттуу спортчуларыбыз көп болсун. Бирок маданият министрлиги спортко кандай мамиле кылат? Мамлкеет дайым спортту өгөйлөйт. Билим берүү министрлигинин алдындагы бир нече спорттук мектептер жабылып кетиптир”,- деди ал.