Шайлообек Атазов: "Бир дагы ата-эне чырактай кызынын чет өлкөгө барып, кордолушун каалабайт"
Өткөн аптада депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз жөнөтпөөнү көтөрүп чыккан. Бул өз учурунда депутаттын демилгесине каршы бир эмес, эки акциянын өткөрүлүшүнө түрткү болду. Мындан улам, SUPERTV каналы депутаттарга кесиптешинин демилгеси боюнча суроо салып кайрылдык.
Депутат Шайлообек Атазов өзү бул демилгеси аялдарды коргоого багытталганын билдирди. "Мамлекеттин, элдин, улуттун учун улай турган биздин кыздарыбыз. Кыздарды коргосок, алар улутту көбөйтөт. Бир дагы ата-эне 18 жаштагы чырактай кызынын чет өлкөгө барып, кордолушун каалабайт. Бул мыйзам эмес, бул пикир, бул мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган маселе. Муну Орусиядан келген кайрылуулардын негизинде айттым. Алар коопсуздугун карагыла деп жатат. Алардын коопсуздугун карашыбыз керек. Кыздар чет өлкөгө окууга барса барсын, бирок окуусу да жок, иши да жок калгандар боюнча маселе бар. Бизге келген каттарды айтып койгонго милдеттүүбүз. Маселе күч. Бул аялдардын укугун чектөө эмес. Бул жигиттерибизге да ошондой", - деди ал.
https://youtu.be/-v70PYjRxLY