Шаардык сот Фарид Ниязов боюнча чечимди күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту Фарид Ниязов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Жактоочулардын доо арызын караган соттук процесс бүгүн, 18-мартта өттү.
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурунку жетекчисин 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Буга каршы болгон адвокат Замир Жоошев райсоттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылган.
Фарид Ниязов 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.