Шаардык кеңешке аттанган 2 талапкерге айып пул салынды
Шайлоо алдындагы үгүт мыйзамдарын бузганы үчүн 2 талапкерге айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, НДПК партиясынан Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан Рамина Идыровага 5 500 сом айып салынды. Талапкердин мыйзам бузганы тууралуу фактылар БАШКка Бишкектин Биринчи Май РИИБинен келип түшкөн.
Ал эми "Кыргызстан" саясий партиясынын талапкери Тилек Асылбеков 12 500 сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Ал өзүнүн сүрөтү тартылган үгүт баннерин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү талаптарын бузуу менен илгени аныкталды.