SerepTV Logo

Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси кызматтан кетип жатып, "Данакер" ордени менен сыйланды

Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси кызматтан кетип жатып, "Данакер" ордени менен сыйланды
Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлык – “Данакер” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты. Анда Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканына канааттанганын айтып, "мындан ары да бекемделишине терең ишенем" деп билдирген
Unknown Author