Сауд Арабия Кыргызстанга 500 миң долларлык медициналык жабдууларды берет
Сауд Арабия Кыргызстанга жардам катары 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алуусу учурунда белгилүү болду.
Президент менен элчи мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.
Мамлекет башчысы эки өлкө ортосунда аба каттамдарынын жоктугунан ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн болуп жатканын белгилеп, түз аба каттамын ачууну сунуштады. Ошондой эле президент Сауд Арабияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.
Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабия өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта КР Өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берери жөнүндө маалымат берди.
Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, Сауд Арабия бул алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы мезгилде Сауд Арабиясында эки мамлекеттин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү жөнүндө макулдашышты.