SerepTV Logo

Санариптик өнүктүү министрлиги: "Кыргызстанда 2 жылдан бери өзгөчө кырдаал режими бар"

Санариптик өнүктүү министрлиги: "Кыргызстанда 2 жылдан бери өзгөчө кырдаал режими бар"
Бүгүн, 24-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында депутат Дастан Жумабеков "Кыргызстан өзгөчө кырдаалда иштеп жатабызбы?" деген суроо узатты. Буга санариптик өнүктүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков Кыргызстанда 2 жылдан бери өзгөчө кырдаал бар экенин айтты. "Өзгөчө кырдаалдын түрлөрү бар. Мисалы, пандемия башталганда жарандар Калкты тейлөө борборуна да бара албай калышкан. Анын баары өттү. Балдарга паспорт берип жатат", - деди ал.