SerepTV Logo

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынганын билдирди

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынганын билдирди

2020-жылдын 22-мартында өкмөттүн буйругу менен өзгөчө кырдаал киргизилген. "Бүгүнкү күндө бул режим иштеп жатабы?" деп сурады депутат Дастан Жумабеков 22-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында.

"Азыр өзгөчө кырдаал режими жок", - деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаев.

«Бул өкмөттүн буйругу күчүн жоготту дегенди билдирет. Мен буйруктун күчүн жоготту деген эч кандай документ тапкан жокмун», — деди Жумабеков. Өзгөчө кырдаал качан жоюлганын министрдин орун басары айткан жок.