SerepTV Logo

Самат Исабеков үч айга жетпей кайра Бажы кызматын жетектөөгө келди

Самат Исабеков үч айга жетпей кайра Бажы кызматын жетектөөгө келди
Самат Исабеков Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Аны Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жамаатка тааныштырды. Ал жаңы жетекчиге чоң ишеним көрсөтүлгөнүн жана аны актоо керектигин айтты. Бирок Самат Исабеков аталган кызматты буга чейин жетектеген, ал өткөн жылдын октябрь айында отставкага кеткен болчу. Ал эми Бажы кызматынын төрагасы болуп турган Адилет Кубанычбеков ушул аптанын башында коррупцияга шектелип кармалды.