SerepTV Logo

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын шаардык башкармалыгын жетектеп жатканы ырасталды

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын шаардык башкармалыгын жетектеп жатканы ырасталды
Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалганы чын. Бул маалыматты комитеттин басма сөз кызматынан тастыкташты. Ушул жылдын 3-апрелинде ЖМКлар өздүк булактарына таянып, белгилүү хирург, профессор Сабырбек Жумабековдун уулу Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектөөгө дайындалганы тууралуу маалымат таратышкан. Анда комитеттен бул кабарды ырастаган да, төгүндөшкөн да эмес.  Салмоорбек Жумабеков 34 жашта. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясын аяктаган. Кызматка дайындалганга чейин  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Салмоорбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, хирург профессор Сабырбек Жумабековдун баласы жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековдун иниси. Ага-ини Жумабековдор болсо Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге байланыштуу аты чыккан Райымбек Матраимовдун тарапташтары экендиги белгилүү.
Unknown Author