SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басарлары эмгек жамаатка тааныштырылды

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басарлары эмгек жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, 6-июнда президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды. 

Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Касымбеков Жаркынбек Орозбекович, Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна, Садыков Улан Асанбекович министрдин орун басарлары болуп дайындалды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев жок болгон учурда министрдин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү.