SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев качан кызматтан кетерин айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев качан кызматтан кетерин айтты
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg агенттигине качан кызматтан кетерин айтты. “Кыска мөөнөттүн ичинде реформа кылдым. Мен медкызматкерлердин айлыгын 200 пайызга көтөрөм, анан кызматтан кетем”, - деди ал. «Жакынкы аралыкта дарыгерлердин айлыгын 200 пайызга көтөрөм. Биздин бюджетте акча жок, бирок мен чиновниктер ар тарапка жумшаган акчаны таптым. 1-апрелден баштап кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлгөн, 1-июлдан баштап калганын 50 пайызга көтөрөбүз. Кайдан таптыңыз дейсизби? Мен таптым. Азыр мен Ошто иш сапарда жүрөм. Ар бир оорукананы көрүп, биздин чиновниктер уурдап жаткан акчаларды тапсам дейм», - деди Алымкадыр Бейшеналиев. Буга чейин жарандык активисттер, дарыгерлер жана юристтер бейтаптарга эксперименттерди токтотуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисин кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен укук коргоо органдарына ачык кайрылуу жасашкан. "Алар талап кылгандай ким? Алар доктордук диссертация, профессор деген эмне экендигин билишеби? Муну (уу-коргошун) дайындап, мен өзүмдүн жоопкерчилигиме алдым. Мен хирургмун, эч качан коркпойм жана жоопкерчиликтен качпайм... Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө COVID-19 үчүн дары жазып берип жатышат, бул мыйзамдуубу? Келип чыгышын себептерин билбей туруп. Анда бардык дарыгерлерди Каргашалуу июль окуясы үчүн камаш керек. Алар антибиотиктерди жазып беришкен, жардам берип жатабыз дешкен, бирок чындыгында аны жазып берүүнүн кажети жок болчу, бардыгы ошондон көз жумган», - деди ал.
edita