"Салам, аскер!". Путин тизилген Ардак кароол менен учурашты (видео)
Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Ал 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Бүгүн "Ала-Арчада" Владимир Путинди расмий тосуп алуу аземи өттү. Путин аны тосуп алуу аземине тизилген Ардак кароол менен учурашты.