SerepTV Logo

Сайдулла Нышанов: "Фракциядагылар шайлашты, лидер болдум"

Сайдулла Нышанов: "Фракциядагылар шайлашты, лидер болдум"
Бүгүн, 30-мартта Сайдулла Нышанов "Ата-Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды. Анын орун басары жакында эле депутаттык мандат алган Шайлообек Атазов болду. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА агенттиги Сайдулла Нышанов менен байланыштык. Фракциянын 7 депутаты алардын талапкерлиги үчүн добуш беришкен. 4 депутат отурумга катышкан эмес. "4-февралда партиядан чыгам дегем. Чыктым. Ал эми фракция отурумда мени лидерликке көрсөтүштү жана шайлашты. Ал эми Шайлообек Атазов болсо, 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышкан. Депутат болуп келди. Аны да фракциядагылар лидердин орун басарлыгына көрсөтүштү жана шайлашты",- деди ал. Фракцияны буга чейин Өмүрбек Текебаев, Айсулуу Мамашова жетектеген. Өмүрбек Текебаев 29-мартта соттун чечими менен мандатынан ажыратылган.
edita