"Ата Мекенде" "төңкөрүш" орун алды. Сайдулла Нышанов фракция лидери болуп шайланды
Сайдулла Нышанов "Ата-Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды. Ал эми депутат Шайлообек Атазов фракция лидеринин орун басары болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынан чыгарын билдирген эле.
Ал «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен алгач 2012-жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген. Нышанов "Алмазбек Атамбаевге "Эл баатыры" деген наам бериш керек" деген демилгени көтөрүп чыккан.
Ал эми Шайлообек Атазовго 7-мартта БШК президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган Искендер Гайпкуловдун мандатын тапшырган. Ал 10-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ант берген.