Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынын курамынан чыгарын билдирди
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынан чыгарын билдирди.
«Ата Мекен» партиясынын катарынан бүгүн чыгып жатам. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем", - деп билдирди Нышанов өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.