Сайдулла Нышанов: "Аймактарды өнүктүрөбүз десек, айыл өкмөт башчыларын транспорт менен камсыз кылышыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, аймактарды өнүктүрүү үчүн ар бир айыл өкмөт башчыларын транспорт менен кайсыз кылуу керек.
"Аймактарды өнүктүрөбүз десек, айыл өкмөт башчыларын транспорт менен камсыз кылышыбыз керек. Бизде азыр чоң мүмкүнчүлүк бар. Себеби, бизде азыр Орусия мамлекети менен мамиле жакшы болуп жатат. Ошол өкмөт башчысы менен сүйлөшүп эле скидка сурап алсак. Мен эсептеп чыктым, 453 айыл өкмөт, 44 аким алардын төртү Бишкек шаарында. Жалпы 500 унаа керек болот экен. Ар биринин баасы 5-6 миң доллардан болгондо, сумма 3 миллиондон ашпайт. Маселелерди да чечкенге бат болот. Ушуну сөзсүз чечишибиз керек”,- деди ал.