Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталды.
Садыр Жапаров иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштаган. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
Президенттин иш сапарынын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Орусиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен аяктады.
Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында Орусия Федерациясынан тарабынан Кыргызстанга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;
- Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Орусиянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.