Садыр Жапаровду Өзбекстанга кимдер коштоп кетти? Тизме
Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен кетти.
Аны коштоп кеткен Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
- Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
- Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
- Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;
- айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
- саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
- транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
- билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
- энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;
- Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;
- Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;
- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;
- Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;
- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;
- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.