Садыр Жапаровду Орусияда кандай тосуп алышты? (видео)
Президент Садыр Жапаров 7-октябрда, иш сапары менен Москва шаарына барды.
Мамлекет башчынын борту "Внуково-2" эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.