SerepTV Logo

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы ведомстволук пансионатты ачты

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы ведомстволук пансионатты ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты.
Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Өткөн жылы мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы "Дельфин+" пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн. Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар. Чек арачылар келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат. Садыр Жапаров пансионатта түзүлгөн шарт менен таанышып, корпустарды жана эс алуу зоналарын карап чыкты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="184808,184803,184804,184805,184806,184807"]
info