Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышуунун алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.
Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, ЭКУ саммитинин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жылуу куттуктап, Ашхабад шаарында өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал уюм маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.
Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.