Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды
Бүгүн, 10-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуулар болду.
Анда президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.
Ошондой эле Садыр Жапаров өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык потенциалына жооп берген олуттуу долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, тараптардын биргелешкен соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоосу керектигин билдирди.
Мындан тышкары, мамлекет башчы маданий-гуманитардык өз ара байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Ал эми Түркиянын тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.
Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.
Жолугушуунун соңунда тараптар бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.