Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган. Андагы бейформал саммитке Казакстандын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышары күтүлүүдө. Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши - мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү. ТМКК ишмердүүлүгү өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Учурда аталган уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү болуп саналат.